Сүрөтчү Чыңгыз Айдаров оорудан улам каза болду

Чыңгыз Айдаров. Сүрөт соцтармактагы баракчасынан алынды

Заманбап искусствонун өкүлү, белгилүү сүрөтчү Чыңгыз Айдаров 16-декабрда узакка созулган оорудан улам 41 жашында каза болду. Маалыматты маркумдун жакындары соцтармактагы баракчасына жазышты.

Чыңгыз Айдаров 1984-жылы төрөлгөн. Бишкек шаарындагы Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын "живопись педагогу" адистиги боюнча аяктаган.

Маркумдун кесиптештери жана замандаштары жазган некрологдо айтылгандай, Айдаровдун чыгармачылыгы ар тараптуу мүнөздө болуп, жаңы формаларды жана көркөм чечимдерди тынымсыз изденүү аркылуу таап, аларды өз эмгектеринде чагылдырган.

"Айдаровдун чыгармачыл эмгектери бир катар сүрөт аянтчаларындагы көргөзмөлөргө коюлуп, коомчулукта чоң резонанс жаратып, көрөрмандардын эсинде узакка сакталган чыгармалар катары белгилүү болгон. Бишкектеги "TOPOGRAFICA", Москва шаарындагы "Служба времени", Токио шаарындагы "Beuys On/Off: Felt, Fat, and Fictions", Париждеги Помпиду борборунда өткөн "Double Horizon" көргөзмөлөрү Ч. Айдаровго зор ийгиликтерди алып келген. Ал "Набег" аттуу көркөм ыкманын автору болгон", - деп эскеришти кесиптештери.

Чыңгыз Айдаров 38 жашында ишемиялык инсультка кабылган.

Дагы караңыз

Орусия: Мектепте бычак менен кол салган өспүрүм ага алдын ала даярданганын мойнуна алдыПарламенттин жаңы курамы ишке киришти, президент сунуш-талабын айттыОрусиянын Краснодар аймагында дрон чабуулунан мунай заводунда өрт чыктыАКШ Венесуэланын портторун бөгөттөөдөАкыйкатчы институту: Тергөө абагындагы аялдар коркутуу, орой мамиле тууралуу даттанды "Кыргызстандын медиа платформасы" Айбек Теңизбайдын иши боюнча бийликке кайрылды