Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Ыш, насвай, инфекция. Эркектер алсыз боло баштадыбы?


мазмуну

  • Акыркы жылдары эркектердин саламаттыгы начарлап баратканы айтылып келет. Адистер буга бир катар көйгөйлөр жана жыныстык жол менен жугуучу оорулар себеп экенин жүйө келтиришет.
  • Урологго өз убагында көрүнүү кандай балээден сактайт?
  • Эркекке кыймыл-аракет, туура тамактануу эмне үчүн маанилүү?
  • Тестостерон азайганда кандай белги берет?
  • Дени сак эр азаматтар улут саламаттыгынын башатыбы?

“Сергек жашоо” подкастында эркектин саламаттыгына байланыштуу бир катар суроолорго уролог-андролог Илияс Эратов жооп бермекчи.

- Ильяс мырза, саламатсызбы? Биздин студияга кош келипсиз. Жакында эле Кыргызстанда ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленди. Акыркы маалыматка таянсак, соңку жылдары бул оору жыныстык жол менен көбүрөөк тарай баштаган экен. Ооруну алып жүрүүчүлөрдүн 60% ашууну эркектер деп окудум. Негизи эле жыныстык инфекцияларды көбүнчө эркектер алып жүрөт турбайбы?

Илияс Эратов.
Илияс Эратов.

- Сиздин маалыматыңыз кичине эркектерди күнөөлөгөнгө окшоп калып жатат да. Бирок уролог катары айтсам, акыркы жылдары чындап эле жыныстык жол менен жугуучу инфекция менен көп келишүүдө. ВИЧ эч кандай белги бербейт да. Бар-жогун эч ким билбейт. Буга чейин айрым миграцияда жүргөн эркектер аялына жугузган учурлар катталган да. Урологго эркек качан келет? Кайсы бир белгилер күчөй баштаганда гана. Текшерсек, чын эле жыныстык оору чыгып калат. Соңку кезде үйлөнөрдүн астында "бир текшерилип коеюнчу" деп келгендер көбөйдү. Айрыкча жашы 20-30дун тегерегиндеги жигиттер көбүрөөк кайрыла баштады. Урологго кайрылуу "модага" айлана баштады десем болот. Жашы отуздан өтүп калгандар деле келет. Тилекке каршы, ошол маалда көп эркектерде өнөкөт оорулар пайда болуп калат. Ден соолугу чың, жөн эле пландуу текшерилип кеткендер дагы бар. Ошол бизди сүйүндүрөт. Бул жакшы, анткени элде маалымат болуп, ден соолугуна кам көрүү маданияты калыптана баштаганынан кабар берет.

- Үйлөнүү тууралуу айтып калбадыңызбы? Үйлөнөрдүн алдында кандай анализдерди тапшыруу керек? Башка мамлекетте түгөйлөр турмуш курардын астында генетикалык жактан да текшерилишет тура?

- Биз эми алардын жүрөгүн түшүрүп, анчалык терең изилдөөнү сунуштабайбыз. Анан калса, генетикалык изилдөөлөр өтө кымбат турат. Биз болгону негизги, айрыкча жыныстык инфекцияларга анализ тапшыртууну сунуштайбыз. Жыныстык органдарды ультра үндүү текшерүүдөн өткөрөбүз. Анан албетте, уруктун сапаты. Бул анализдердин баасы ашып кетсе 7-8 миң сом турат. Бул акчаны бизде кафеге же той-ашка деле коротуп коюшат. Ага караганда анализге жумшоо болочок үй-бүлөгө инвестиция эмеспи.

Негизи эркек саламаттыгы чың кезде, 30 жашка чейин үйлөнүшү керек. Үйлөнгөн эркек моралдык жактан калыптанат. Урологго да көп келбейт. Ошол себептүү эрте үйлөнгүлө дейбиз.

- Эми сиздерге маалыматы, акчасы барлар келет тура. Элетте турган маалыматы же акчасы жок, болсо да убактысы жоктор кантет. Балким бир программа уюштуруп, жарым баасын мамлекет төлөгүдөй кылсачы?

- Мен Казакстандагы бир уролог менен таанышмын. Ал өзүнүн командасын топтоп, алыскы аймактарга чейин ден соолук кербенине чыгат. Ошол жактан эле анализ алып, ошол жактан эле консультация берип келет. Мындай иштерди бизде да кылса болот.

- Бир жолу мен урологго көрүнгөнү барсам, кезек күтүп отурган эркек "аялдар да урологго көрүнөбү?" деп таң калган эле. Бөйрөк баарыбызда бар да. Бирок эл арасында уролог эркектердин дарыгери дегендей түшүнүк калыптанып калган экен...

- Урология - бул медицинанын чоң бир бөлүгү. Урос - заара, логос - илим. Андрология анан бир бөлүгү, бул эркектин саламаттыгын изилдей турган илим. Бөйрөк, табарсык, заара чыгарчу каналдар баарыбызда бар. Ошол себептүү мага кыз-келиндер да кайрылат. Айрыкча цистит оорусунан дарыланып, айыкпай кыйналганда урологго келишет. Ага ошол эле инфекция же башка себептер түрткү болушу ыктымал. Эркектер циститке аз чалдыгат. Бул эми алардын физиологиялык өзгөчөлүгү десек болот. Эркек балада цистит фимоздун айынан, чел кабык жыныс органын жаап калып, инфекция топтолгондо пайда болушу мүмкүн. Фимоз айрыкча отургузулбаган балдарда көбүрөөк кездешет.

- Кээде кышында жука кийинбе, простатит болосуң деп калгандарды угуп калабыз? Бул азыркы эркектер арасында көп кездешчү көйгөй тура?

- Простатит жука шым кийгенден болбойт. Простатит суук тийгенден болбойт. Негизи дени сак эркекке үч-төрт байпак, эки-үч шым кийүүнүн деле кажети жок. Кыргызстанга простатитке алып келген бирден бир себеп - бул жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар. Ал организмге киргенден кийин простата безин талкалай баштайт. Иммунитеттин төмөндүгү, стресс, муздакка отуруу булардын баары ооруну козгой турган триггер гана.

- Кыргызстанда ошол ооруну ойготкон эң чоң триггер кайсы?

- Биринчи орунга кыймылдын аздыгын коймокмун. Азыр көп эркектер отуруп иштешет. Машинелердин да саны көбөйдү. Сааттап тыгында турушат. Жүк ташуучу машине айдап, күндүр-түндүр жол жүргөндөр бар. Мага АКШ, Европа, Орусияда ушинтип иштегендер көп кайрылат. Рулда сааттап отурганда белден ылдый кан айланбай, уюп калат. Кан уюган жерде албетте оору пайда болот.

- Аденома деген да дарт көп кездешет тура?Аны эркектердин климаксы деп коет турбайбы?

- Аденома - бул шишик. Ал залалдуу эмес да, залалдуу да болушу мүмкүн. Ошон үчүн 50 жаштан жогору эркектер урологго жылына бир көрүнүп турушу керек. Аденома эркектин климаксы деген теория бары чын жана ал туура. Анткени 40-50 жаштан өйдө эркектерде тестостерондун деңгээли түшөт. Ошол маалда денеде гормоналдык өзгөрүүлөр жүрөт. Бирок бул анын мүнөзүнө жана жүрүм-турумуна анча таасир этпейт. Бир гана заара чыгаруучу органдарда көйгөйлөр болушу мүмкүн. Андан кийин жыныстык алсыздык акырындап башталат. Тестостерон гормону азайганда эркектин курсагын май басып, көкүрөк бездери чоңоюп кетет.

- Тыгындан, кыймылдын аздыгынан башка эркектердин тукум улоочу саламаттыгына терс таасир эткен дагы кандай себептер бар? Суук тиет балким?

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) статистикасында адамдар өзүнүн зыяндуу адаттарынын 40% оңдоп, туура жашоо таризине өтсө эле оорубайт экен. Бул ошол эле туура тамактануу, зыяндуу ичимдиктерден баш тартуу. Мага азыр келген ар бир экинчи же үчүнчү бейтап тамеки чегет же насвай тартат. Мына ушунун баары тукум улоо саламаттыгына терс таасир этет да. ДССУнун атайын нормасы бар. Дарыгерлерге жөнөтүп турушат. Ошол көрсөткүч жеке эле бизде эмес, дүйнөдө төмөндөп жатат. Тагыраагы уруктун сапаты начарлоодо.

- Аны жакшыртуу үчүн эмне кылыш керек?

- Бул эми индивидуалдуу маселе. Эң башкысы ар бир эркек өзүнө кам көрүп, дарыгерге көрүнүп турушу керек. Ошого жараша ага эмне ичип-жеп, кандай кыймылдаш керек деген алгоритм түзүлөт. Азыр аймактардан тубаса оорулар менен келгендер бар. Жаш кезинде паротит же башка менен ооруп, билбей жүрө бериши мүмкүн. Эгер убагында көрүнсө, балким ага жетмек эмес.

- Жакында эле бир адис менен сүйлөшсөм, кызамыкка каршы эмдөө паротиттен да сактай турганын айтты да. Демек, эмдөөдөн качпаш керек тура.

- Паротит - эркектин тукум улоочу функциясын талкалаган оору. Ал жукканда кичине балдардын жумуртка бези шишип калат. Көпчүлүк ата-энелер аны байкабайт. Ошол маалда вирус жумуртканын ичиндеги урук бөлүп чыгаруучу клеткаларды иштен чыгарат. Паротиттен башка дагы тукумсуздукка алып келчү оорулар көп. Жыныстык инфекция жукканда каналдан ириң агып калат. Көп эркектер беш-алты күн чыдап койсом өтүп кетет деп ойлошот. Ал чындап эле токтоп калат. Бирок инфекция эч кайда кетпейт, организмде кала берет. Урук чыгаруучу простата безине кирип, клей сыяктуу жаап калат. Жакында мага Москвадан бир жигит келди. Төрт-беш жыл мурда мейманканада иштеп жүрүп оору жугузуп алган экен. Догдурга барбаптыр. Ушундайлар көп болуп жатат да.

- Урук жакшы кыймылдабайт, сенек деген дагы диагноз коюшат тура?

- Муну астенозооспермия деп коет. Эркектин организминде бир гана клетка кыймыл-аракетке ээ. Бул урук. Урук кыймылда болуш үчүн ага энергия керек. Анан эркектин дени-карды чың болууга тийиш. Урологдор арасында "Уруктун сапаты - бул эркектин жалпы ден соолугунун күзгүсү" деген сөз бар. Эркекте кайсы бир өнөкөт оору, айталы кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорусу болсо дагы уругу алсыз болот. Кан диабетине чалдыккандарда майда кан тамырлар жакшы иштебей калат. Жыныстык жактан күчтүү болуш үчүн кан тамырлардын иштөө функциясы жакшы болушу керек. Жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар дайыма дары ичишет. Алар дагы эркектин саламаттыгына терс таасир этет. Алар бизге келгенде урологиялык дарыны жазуу керекпи же жокпу деген ой пайда болот. Ал дары оорусуна канчалык таасир этет? Мунун баары дарыгердин тажрыйбасына жараша болот да.

- Сиз интернетте атайын баракча алып барат турбайсызбы? Көбүнчө кандай суроолор менен кайрылышат?

- Мага ар түрдүү суроолор менен кайрылышат. Дүйнөнүн ар кайсы жагында жүргөн эркектер жазат. Күйөөсүнүн көйгөйүн айткан аялдар бар. Мен аларга кантип жардам берем? Жок дегенде жазып, бугун чыгарып алышат.

- Аялдарда эрозия пайда болот эмеспи, дарыланбаса акыры барып ракка айланат дешет. Гинекологдор күйөөсү дарыланбаганы үчүн аялы кайра-кайра ооруй бере турганын айтышат.

- Эрозияны пайда кылган себептер көп. Адамдын папиллома вирусу да пайда кылышы мүмкүн. Жуп катары дарыланбоо - кыргыз коомундагы чоң көйгөй. Аял гинекологго бара берип тажайт. Иммунитети түшөт, молочница болот, кыйналат да кыскасы. Бирок менин тажрыйбамда эркек таза, бирок аялынан оору табылган учурлар да болгон.

- Баракчаңызда кооптуу инфекциялар, айрыкча хламидия тууралуу да айткан экенсиз.

- Хламидия - бул бактерия. Жыныстык жол менен жугат. Башында заара кылып жатканда ачышып, ыңгайсыздык жаратат. Бирок эркектин психологиясы ушундай экен. Чыдап жүрө берет. Анан бактерия денеге кирет да жылдап жүрө берет. Эркек аны өнөктөшүнө жугузат дегендей. Мунун кооптуу жери башка органдарга да терс таасир этет. Рейтер оорусу деп коет, муундар, көз, жыныс органдары сезгенет. Мага кардиолог, ревматологдор бейтаптарды жиберет. Текшере келгенде айрымдарынан жыныстык оорулар чыгып калат. Андай жол менен жуккан инфекция жүрөктүн ичине да жабышып калышы мүмкүн.

- Илгери Кыргызстанда сифилис, гонерея жуккандар көбөйүп кеткени айтылды эле. Азыр абал кандай?

- Гонерея азыр да кездешет. Бул эми ден соолугуна карабаган, кат-сабаты төмөн адамдарда көп кездешет. Бул аябай агрессивдүү инфекция да. Жыныстык органдан ириң агып калат. Эркектер андай учурда цефтриаксон сайдырып алышат. Ошону менен жүрө беришет. Бирок бул дарылоо эмес. Сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө дарыланыш керек. Андан кийин кайра текшерилип, анализ тапшырууга тийиш. Инфекция толук кеткенден кийин гана каттоодон чыгарылат. Сифилис азыр азыраак кездешет. Анда жара чыгат. Айрымдар левомеколь сүйкөп коюшат, кетип калса айыктым деп ойлошот. Эң жаманы ал канга аралашып кетет. Териде ар кандай кызыл точкалар пайда болсо, аллергия деп көңүл бурбай коюшат. Акырындап нерв системасын талкалайт, чачы түшөт...

- Өткөндө "жыныстык инфекциялар мээнин иштешин бузат" деген бир изилдөө окуп калдым эле. Бул канчалык чындыкка жакын?

- Ошол эле сифилис нерв системасын бузарын айтпадымбы. Жыныстык инфекциянын кайсы түрү болбосун эркекти бушайман кылышы мүмкүн. Бир жери ооруп, ачышып же кычышып турса албетте адамдын маанайы бузулат. Психикалык оорулардын баарын жыныстык инфекцияга байлоо туура эмес дечи. Анан калса, бизде азыр эркекти стресс кылган себептер көп. Ошол эле тамак-аштын, ошол эле абанын сапаты. Жашоонун ылдам темпи, баарына жетишүү керек деген атаандаштык. Эркектин психологиясы ушундай, саал артта калса эле ачуулана баштайт.

- Эркектик күч-кубатты жоготуу дагы стресске алып келет да?

- Абдан. Чөгүп кетишет да. Ошол себептүү мен ооруп келгендерден "качан үйлөнөсүң?" деп сурайм. Бир айдан кийин десе, мен алардын уругун текшербейм. Текшерген күндө да аны жакшыртканга жетишпейм. Андай болгон соң алардын көңүлүн оорутуп эмне кылам? Анын ордуна "жакшы маанай менен үйлөн" дейм. Анткени эркек үчүн маанай абдан чоң мааниге ээ. Жеке пикиримде, дарыгер катары маанайды бергенди да билишибиз керек.

- Сиз "телефондор эркек балдарга зыян, алар сөзсүз урологго келет" деп айтыпсыз.

- Телефон билинбегени менен ысык болот. Аны чөнтөккө салып жүрөбүз. Чөнтөк турган жерде жыныс органдары жайгашкан. Эркектики сыртта турат. Ошого жараша ал салкын болушу керек. Ысыганда иштөө функциясы бузулат. Экинчиден, радиация. Телефондон көзгө көрүнбөгөн нурлар чыгат. Алар денеге сиңе берет. Бош радикалдар деп коет медицинада. Алар шишик пайда кылышы мүмкүн. Wi-Fi ачык эле иштеп атат, алардын зыяны азырынча билине элек. Сиз өчүрүп койсоңуз, коңшунуку күйүп турат дегендей. Сыртка чыксаң аба кир, ыш. Жеген тамак-ашың химикат. Ичкен сууң, топурагыңан бери булганган. Ушунун баары эркекке билинбей сокку уруп жатат сөздүн ачыгы. ДССУнун көрсөткүчү боюнча эркектин уругунун сапаты жылдан жылга төмөндөп жатат. Албетте, буга эркек өзү дагы жооптуу. Зыяндуу адаттарга жакын, ден соолугуна кайдыгер адамдар бар да арабызда.

- Маек соңунда бир суроо берейин, сиз айткан көйгөйдүн көбү жыныстык сабаттуулуктун төмөндүгүнөн болуп жатат да. Ошону эрте эле окутуп башташ керекпи, эмне кылыш керек?

- Туура, жаш жигиттер жыныстык сабаты төмөндүгүнөн миграцияга барып, оору жугузуп алып жатат да. Мен өзүм мектептерге барып лекция окуп турам. Түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүү керек. Дагы бир көйгөй пайда болду, спорт менен машыккан айрым жаш жигиттер тестостерон сайынып жатат. Бул өтө кооптуу, баңгиге айланып калат бара-бара. Бул дагы өзүнчө бизнеске айланып кетти. Ошону мыйзам менен жөнгө салуу керек. Айта берсең көйгөй көп. Бирок эркектин саламаттыгын чыңдай турган мамлекеттик программа сөзсүз керек.

Подкастты толук аудиодон уга аласыз.

"Жыныстык оорулар эркекти тукумсуз кылат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:58 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG