Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Тажикстан Москва облусундагы мектепте болгон кол салуудан улам орус элчисине нота тапшырды


Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москва облусундагы мектепте болгон кол салууну айыптады.

17-декабрда жасалган билдирүүдө айтылгандай, мекеме «улуттук кастыктын негизинде Тажикстандын жараны, Одинцово районундагы Горки-2 айлындагы мектептин 4-классынын окуучусу Кобилжон Алиевге болгон кол салууну чечкиндүү айыптайт».

ТИМ баланын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Маалыматка караганда, Орусиянын Дүйшөмбүдөгү элчиси С.Григорьевге тапшырган нотада трагедияны тезинен, объективдүү, калыс иликтөө жана күнөөлүлөрдү жоопко тартуу талабы айтылат.

Тажикстандын Москвадагы элчилигине маркумдун жакындары менен байланышта болуу жана окуянын териштирилишин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Кайгылуу окуя шейшембиде Москва облусундагы Одинцово районундагы Горки-2 айылындагы мектепте болгон. 15 жаштагы Тимофей аттуу өспүрүм окуу жайга бычак алып кирип кол салганда күзөтчү менен 10 жаштагы бала жарадар болуп, кийин көз жумган.

“Озоди” радиосунун маалыматына караганда Кобилжондун энеси ошол мектепте пол жууп иштечү. Үч жыл мурун күйөөсү өлгөндөн бери эки баласын жалгыз чоңойтуп келаткан.

Интернетте Тимофей өз кылгандарын видеого тартканы тууралуу маалымат тарады. Анда балдарды ээрчитип бараткан мугалимден алардын улутун сураганын көрүүгө болот.

Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, ал буга чейин классташтарына жазган катында коомду жек көрөрүн айтып, расисттик идеяларын жашырган эмес.

Адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери менен кылмыш иш козголгон.

Орусияда борбор азиялык мигранттар улутчулдардын колунан каза тапкан учурлар буга чейин да болуп келген.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG